Биз менен байланышыңыз

«Уулум, «аял тилин» биле жүр»…

Блог | 18 Сен 2018 | 1035 | 0

Өткөн жылы Кыргызстанда ажырашкан жубайлардын саны 9 миңден ашыптыр. Социологдор үй-бүлөнүн бузулушуна себеп катары ичкиликти, каржылык жетишпестикти, бири-бирин түшүнбөстүктү айтып келишет. Бирок акыл калчап караганда, турмушка жаңы аттанган жубайлар бири-бирине кандай мамиле жасалышы керектигин анчейин биле бербегени үчүн майда маселелердин айынан талашып-тартышып, аягы эки башка жолду тандоого чейин жетип жаткандай. Ошол себептүү мырзаларга пайдалуу болот деген ниетте төмөнкү котормону сунуштайбыз. 

Бир жумадан соң уулу үйлөнүп жаткан ата баласына кеп-кеңешин берүүнү чечет. Шаардын чет жагынан, деңиз жээгинен бир тамактануучу жайга буйрутма берген соң уулуна чалат. Толкунданган ата белгиленген убакыттан эрте барып уулун күтөт. Келе жаткан уулун көрүп, ичинен кудуңдап сүйүнүп: “Келишкен уулум бар, өзүмдү тарткан,-деп сүйлөп отурду. Ошентип ата-уул деңиздин жээгиндеги атайын даярдалган орундуктан орун алып, кызыктуу маек башталды.

-Уулум, келе жаткан жума үйлөнүү тоюң болот. Ошол үчүн ата катары кеңешимди берейин,-деп сөз баштаганда эле уулунун жүзү кызарып, ыңгайсыздана түштү. Анткени өмүрүндө атасынан мындай сөздү биринчи угушу эле.

-Ата, мен 26 жашка чыктым. Жашоодогу көп нерсени түшүнүп, билип калдым.

-Ээ, уулум, сен билем деген маселелерден деле билбеген көп нерсе чыгат. Учурунда сага да көп нерсени айта албадым,-деп терең үшкүрдү. Ошол учурда дасторконго тамак келип, маек да кызый баштады.

-Канча тил билесиң, уулум?

-Англисче, французча жана түркчө. 3 тил билем.

-Бүгүн мен сага 4-тилди үйрөтөм. Анын аты “айымдар” тили.

Муну угар замат баласы кармана албай күлүп ийди.

-Аялдардын өзүнчө тили барбы, ата?

-Албетте, эгер аялдын тилин билсең, аны менен жашоо-бул дүйнөнүн ырахаты болот. Эгер билбесең, өмүр бою кыйналып өтүшүң турган иш. Ошого жары менен бактылуу болом деген эркек бул тилди үйрөнүшү керек.

-Ата, “аялдардын” тили кыйынбы?-деп тамашалуу суроо салды.

-Мени ук. Сага күлкүлүү сезилиши мүмкүн. Бирок буга олуттуу кара. Үйлөнүп жаткан жарың менен бактылуу болом десең, бул тилди билүүң аябай маанилүү. Анткени аялдар сөздүн ток этерин айтпай, “кагазга ороп” айтышат да, сенин аны түшүнүүңдү каалашат. Мисалы, сенин кытайлык жубайың болсо, сен ага француз тилинде күн сайын сүйөрүңдү айтканың менен  ал эч нерсени түшүнбөйт, кабыл албайт. Ага кытай тилинде айтууң керек.

-Жарайт, ата. Сиздин оюңузча, аялдар эмне үчүн биз менен биздин “тилде” сүйлөшпөйт? Айтайын дегеним, эмнеге дароо ток этерин айтышпайт?

-Менин оюмча, мунун бир канча себеби бар. Алар сезимтал болгону үчүн түз сураганга батына алышпайт. Анткени сунушуна “жок” деген жоопту угуп, көңүлүн чөктүрүп алуудан коркушат. Ошол үчүн да сөздөрүн алыстан башташат. Экинчиден, алар ааламга энелик кылуу үчүн жөнөтүлгөнү себептүү карым-катнаш, мамиле курууга бизден бир канча эсе шыктуу келишет. Карасаң, сүйлөгөндү билбеген бөбөктүн түрдүү кыймылынан эмне каалап жатканын дароо түшүнүшөт. Жаман жери, өздөрү ошондой болгонунан улам, бизди, эркектерди да өздөрүндөй деп ойлошот. Ошого сөздүн учугун гана чыгарып, аны түшүнүүбүздү күтүп тура беришет. Же болбосо кээде оюн кеңири түшүндүрүп берүүгө мажур болгону үчүн да кыжырданышат.

Ушул жерде уулу атасынын айткандары менен макул болбогондой түр көрсөтүп:

-Биз түшүнбөсөк, эмнеге бизге ачуусу келет?

-Албетте, кыжырданат, уулум. Алар майда нерселерге чейин маани берип, деталдарды да карашат. Майда нерселер алардын эч эсинен чыкпайт. Эркектерди да өздөрүндөй болуусун каалашат. Бирок биз андай эмеспиз. Биз жалпылыкка маани берсек, алар майда нерселерге көңүл бурушат.

-Муну жөнгө салыштын жолу жокпу?

-Бар. Ошол үчүн “аялдар тилин” үйрөнөсүң. Даяр болсоң, баштайлы. Бул көп сөз колдонулган тил болуп саналат. Эркектер 10 сөз менен түшүндүргөн окуя “аялдар тилинде” 100 сөз менен айтылат. Аны угуп жатканда сабырдуу болгун. Мисалы, жубайың ошол күнү бир көйнөк алды дейли. Ал сага: “Мен бүгүн көйнөк алдым”,-деп дароо айтпайт. Кийим алуу үчүн сыртка чыкканынан баштап, канча дүкөнгө кирип, канча ирет кийип көргөндөрүнө чейин айтып, арзандатууларды, жолдо көргөн тааныштарын, көйнөк алып жаткандагы соодалашуусун кошо айтып, сага узун окуяны баяндап берет. Сен эстүү эркек катары ага: “Ток этерин айт, окуяны баяндабай”,-деп айтпайсың. Мындай кыла  турган болсоң, өзүңө өзүң “согуш” ачтым деп эсептей бер.  Андай дегениң менен “мен сени сүйбөйм” деп айтканың аялдар үчүн бирдей мааниге ээ болуп калат.

-Ата, “сени сүйбөйм” деген менен “кыска айт” дегендин кандай байланышы бар?

-Аялдардын айткандарын укпай жатышкан болсо, анда алар өздөрүн сүйүлбөй жаткандай сезишет. Бул маанилүү. “Аялдар тилинде” “угуу бул-сүйүү” деп ойлоно баштайсың. Анан дагы бир жери, аялдар табышмактуу, анан кыйытып сүйлөгөндү жактырышат. Өздөрү жарым сөздөн түшүнгөнү үчүн бизди да ошентип ойлошот.

-Баса, өткөндө болочок келинчегиңиз Жанан мага чалып: “Дагы бираз салмак кошсом, үлпөт көйнөктү кийгенде өзүмдү ыңгайлуу сезем”,-деп айтты. А мен дароо эле: “Азыр деле сонун болуп турасың,-десем таарына түшүптүр. Кийин эмне болгонун сурасам, “эч нерсе” деп айтпай койду. Мен ошондо эмне ката кылдым?

-“Азыр деле сонун эле болуп турасың”  дегендеги “деле” деген сөздү колдонбой эле койсоң болмок. Жанан аны: “Азыр деле жаман эмессиң. Эми дагы да сулуу көрүнсөң болот”,-дегендей кабыл алган.

-Анда эмне дешим керек эле?

-Уулум, муну эч качан унутпа. Аялдар өздөрү, кийимдери, үй-бүлөсү тууралуу оюңду сурап жаткан болсо, сөзсүз түрдө жакшы сөз (комплимент) күтүп жатышкан болот. Бул учурда сындап баштасаң, калганын өзүңдөн көр. Ошол күнү сен Жананга: “Сен салмак кошпосоң да сулуусуң. Менин оюмча, анын кереги жок”,-деп айтсаң баары өз нугунда кетмек. Мисалы, бир күнү тизеңе отуруп: “Оор бекенмин?”-деп сураса, эч качан “ооба, бираз” дей көрбө. “Жок” деп айт. Антпесең ал сага эч качан антип эркелеп, тизеңе да отурбай коёт. Анан дагы эгер аялдын ата-энеси менен болгон мамилесинде таарынычтар же түшүнбөстүкөр болсо, ал өзү чечишип алат. Сен аралашып, териштиргениң менен ал сенин айткандарыңа макул болушу кыйын. Аны өзүнө карата акараттык катары кабыл алат.

-Анан аны эч унутушпайт, ээ ата?

-Ооба, дал ошондой. Бир жолу апаңа кайрылып: “Сенин апаңдын ичи тар”,-деп койгон элем. Ошондон бери мага: “Сен менин апамды жек көрөсүң”,-деп келет.

-Баарын түшүнүп жатам. Бирок аялдардын кыйытып сүйлөгөнүн түшүнүү кыйынга турат окшойт…

-Аны да үйрөнүп алсаң болот, уулум. Негизгиси, эмнени кыйытып айтып жатканын түшүнүп туруп, “Сен ушуну айткың келип жатабы?”-деп, бетине айтып, уялтпашың керек. Түшүнөсүң, бирок түшүнгөнүңдү ага байкатпашың шарт. Мисалы, кечээ апаң мага телефон чалып, “Кечинде үйгө ач келесиңби же токпу?”-деп сурады. Мен кечки тамакты ар дайым үйдө жей турганымды сен да билесиң. Кээде эле сыртта жейм. Анда да алдын ала апаңа кабар берем. Ошол замат апаңдын: “Бүгүн үйгө тоюп кел, мен тамак жасагым келбей жатат”,-дегиси келгенин дароо түшүндүм. Бирок эмне дегиси келип жатканын сураган жокмун.

-Ооба, кечээ тойго даярдык кылалы деп базарга барганбыз. Апам аябай чарчаган болчу.

-Мунун бир канча себеби болушу мүмкүн. Чарчаган болушу, өзү башка жерден тоюп келген болушу же башка маселеси болушу ыктымал. Бирок алар эркектердей болуп эле: “Мен бүгүн тамак кылгым келбей жатат. Сырттан тамактанып кел же үйгө ала кел. Чогуу тамактаналы”,-деп айтышпайт. Мен дароо: “Үйдөн эле тамактанайын. Даяр тамак-аш ала барайын, кааласаң. Кандай дейсиң?”-десем, ал дароо макул болду. Апаңды билесиң, дөнер тамагын сүйүп жейт эмеспи. Ошол тамактан даярдатып алып барсам, кудуңдап кубанып калды.

-Ата, аялдарды кыска сүйлөтсө болбойбу?

-Бар, бирок сенин ордуңда болсом, ал ыкманы колдонбос элем. Эгер аял такыр сүйлөбөй же оюн кыска билдирип жатса, бул бир маселе бар экенин билдирет. Мисалы, карасаң маанайы жок отурат. Эмне болгонун сурасаң, “Эч нерсе болгон жок”,-деп жооп берсе, баары жайына экен деп ойлоп калба. Андай кылсаң өзүнө көңүл бурулбай жатат деп ого бетер жаман сезип, себепсиз эле ыйлап кириши толук мүмкүн.

-Ата, аялдар тилинде “Баары жайында” деп кыска жооп берилсе, “маселе бар, мага көңүл бур” дегенге жатат. Туура эле ойлодумбу?

-Ооба, туура айтасың. Биз, эркектер, “эч нерсе болгон жок”,-десек, чынында эле баары жайында болгон болот. Эгер маселе болсо да маанилүү эмес экенин ошентип билдиребиз. А бирок айымдар көңүл бурууну сүйүү катары кабыл алышканы үчүн “мени бааласаң, көңүл бур, эмне болгонун айтып берейин”-дегендей мамиледе болушат. Бирок кээде чындап эле айткысы келбеши мүмкүн. Ал учурда аны кыйнап, айттырганга ашыкпай койгон дурус.

-Өткөндө бир досум аялдардын “мейли, макул” деген кыска жооптору кооптуу экенин айткан эле. Ошол да чынбы анда?

-Бир аялдын оозунан чыккан жөн гана “макул, мейли” деп чектелген сөздөр ар дайым кооптуу болот. Бул аялдардын тилинде: “Азыр макул деп турам, бирок учуру келгенде сага көрсөтөм”,-деген маанини туюнтат. Бирок “макул” деген сөзгө кошуп, “макул алтыным”, “мейли анда, сен айткандай болсун” дегендей жооптор болсо, андан чочулоонун кереги жок.

-Чынында, оор тил экен…

-Башка тилдер сыяктуу эле башында жакшылап үйрөнүп алуу керек. Кийин көнүп кетесиң. Жакшы жагы, тилди колдонуу шарт эмес, түшүнүү жетиштүү. Уланталы анда. Аялдар бир нерсени ачык айтууга мажбур болушканда да биз аны өзүбүз билип же сезбегенибиз үчүн жинденип, бизди күнөөлөгөндөй сүйлөшөт. Бирок күнөөлүүгө чыгарып жатышканына да маани беришпейт. Мисалы, аялың сага “Качантан бери сыртка чыгып, сейилдей элекпиз?”-десе, муну өзүңө күнөөлөп жаткандай кабыл албагын. Сени менен бирге сейилдегиси келип жатыптыр. Бирок сен муну ойлоп, ага сунуш киргизбегениң үчүн таарына түшүптүр. Максаты сени айыптоо эмес. Ошол үчүн: “Өткөндө эле чыгып келдик го…”-деген сыяктуу коргонуулардан алыс бол. Анын ордуна: “Ооба, туура айтасың. Мен да сейилдегим келип жүрөт. Жакын арада чыгып келебиз”,-деген болсоң, маселе чечилет. Анан берген убадаңды сөзсүз аткарууң керектигин унутпашың керек. Мисалы, жубайың үшүгөнүн айтса, “жылуу кийин” же “терезени жап” дешиңди эмес кучагыңа кысууңду каалап жаткан болот.

-Ата, ушулардын баарын мектепте үйрөтүшсө, биз да турмушка даяр болот белек, ким билет?..

-Туура айтасың. Негизи буларды үйрөтүүдө мен дагы кечиктим. Бирок мен айткандарды эсиңе түйсөң, баары жайында болот. Анан дагы бир айтарым, аялдардын эң жактырбаган сөзү “мага айырмасы жок”. Аны аялдар “мени эч кызыктырбайт, билгениңди кыл”дегендей кабыл алат.

-Эң жакшы көргөн сөзүчү?

-Аны өзүң таап көрчү.

-Менимче, “сени сүйөм” деген сөз болсо керек.

-Туура таптың, уулум. Аялдар “сени жакшы көрөм, сүйөм” деген сөздү улам угуп тургусу келет. Эркектер “буга чейин айткам, ал сүйөрүмдү билет” деген ойдон алыс болушубуз керек.

-Ата, аялдардын тили бир гана сөздөргө байланыштуубу же кыймыл аракетке да көңүл бурулушу керекпи?

-Мен да ошону айтайын деп жаткам. Аялдар майда нерселерге маани берет деп айтпадыкпы. Ошол үчүн кечинде телевизор көрүп жатсаң, аны кучактап отуруп көр. Же болбосо күндүз да аны эстеп жатканыңды сездириш үчүн кыска билдирүүлөрдү жөнөтүп тур. Ага кичинекей сюрприздерди жасай жүр. Тамак даярдап жатканда жардам берүү сыяктуу майда иштерде да кол кабыш кылып койсоң, ал сүйүнүп калат.

-Демек, кечинде үйгө келгенде да тыным болбойт экен да…

-Булар чоң иштер же көп чыгаша келтирип, убакытты алчу жумуш эмес. Сен мен айткан майда нерселерди кылсаң аялың сага падышадай карап, кастарлап алат. Эгер кылбасаң, бара-ара пикир келишпестиктер орун алып, убакыттын көбүн уруш-жаңжал менен өткөрүп каласың. Сүйүү менен өткөрүү мүмкүнчүлүгү турганда убакытты эмнеге ызы-чуу менен өткөрөсүң?

-Макул, ата. Айткандарыңыз эсте болот.

Ошентип ата-баланын маеги аяктап, тейлөөчү кызматкер бошогон идиштерди дасторкондон ала баштаганда уулунун телефонуна бирөө чалып калды. Телефонун кармап деңиз жээгине карай басканына караганда ал болочок жубайы экени көрүнүп турду. Бираздан соң кайра келип, атасына рахмат айтты.

-Ата, сизге рахмат. “Аялдар тилин” түшүнө баштадым окшойт. Азыр эле Жанан чалып: “Бөлмөнүн пардасынын түсү кандай болсун? Эртең чогуу карайлыбы?”-деди. “Айырмасы жок” деп айтып ийе жаздап, сиздин айтканыңыздай кылып: “Албетте. Кааласаң чогуу барып көрсөк болот. Бирок мен сенин тандооңо ишенем. Өзүн тандап койсоң да болот”,-десем, кубанып калды.

-Ал кайсы парданы аларын алдын ала эле тандап койгон. Аялдар өзү жасаган ишти же тандаган нерсенин сөзсүз түрдө бирөөдөн “туура кылдың” деп айтып, кубаттоосун каалашат. Эгер ээрчишип барсаңар да ал танадаган пардасын алгысы келмек. Биз, эркектер, алардын “тилин” билип алсак, жашообуз көркүнө чыгары турган иш. Мага атам мындай эрежелерди айткан эмес. Сен кандай бактылуусуң.

«Evlendikten sonra da muhabbet olsun» китебинин негизинде жазылды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM