Биз менен байланышыңыз

Жүргүнчүгө кол көтөргөн айдоочу кечирим сурады

Видео , Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 25 | 0

Бишкек — Кара–Балтага каттаган №302 маршрутканын айдооучусу жүргүнчү аялга кол көтөргөнү үчүн кечирим сурады. Ал 58 жаштагы борбор калаанын тургуну экени аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгы билдирди.

1-октябрда маршруткада болгон жаңжалдын видеосу социалдык тармактарга тараган. Анда жүргүнчүлөр айдоочудан музыканын үнүн азайтууну суранышкан, ал макул болбой айтыша кетишкен. Кийин айдоочу унаасын токтотуп, аялга кол көтөргөнгө чейин барганда жанындагы эркек кишилер кармап калган.

Учурда бардык чогултулган материалдар Чүй облусунун Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Унаа айып унаа токтотуучу жайга токтотулуп, тергөө иши башталды.

Жарнама
Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM